Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация 4-декабрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына жөнөп кетти.
Сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Ассамблеянын кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумуна катышат.
Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.