Белгилүү актер Азиз Мурадиллаев оор абалда ооруканада жатканын айткан жакындары коомчулуктан жардам сурашкан. Анын боорун алмаштыруу керек жана ал 45 миң доллар турат.
Жарандык активист Ассоль Молдакматова президент Садыр Жапаров актердун дарылануусу үчүн үй-бүлөсүнүн атынан 42 миң доллар которгонун билдирди.
"Бир канча саат мурда Азиз Мурадиллаевге акча топтоо керектигин айтып чыккам. Андан жарым саат өтпөй президенттен 42 миң доллар келди. Бизди укканыңызга, таланттуу актерду сактап калууга салым кошконуңузга ырахмат", - деди Молдакматова видео кайрылуусунда.
Азиз Мурадиллаев 2016-жылы боордун цирроз оорусуна чалдыгып, чет өлкөдөн дарыланып келген болчу.