Кыргызстандын Баткен облусунун Дахма аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын Баткен жана Исфара тилкелери боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйынга ошондой эле Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын тургундарынын ортосундагы жаңжалдашуунун чоо-жайын изилдешти.

Жыйынтыгында тараптар чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда чагымчылдыкка жана кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө макулдашышты.

Мушташ фактысы ИИМдин аймактык органдары тарабынан иликтенип, мындан тышкары бул аймакка ИИМдин кошумча отряддары жиберилет.