3-декабрда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Тажикстан менен Кыргызстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Бул тууралуу КР Улуттук коопсздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сомониен (РТ) айылы аркылуу Дахма айылын көздөй бара жатканда КР жараны М.Нга Тажикстандын жарандары орой сөздөрдү айта баштаган. Андан ары жарандардын ортосунда мушташ таш ыргытууга айланган.

Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында Кыргызстандын жараны аңчылык куралын колдонуп, асманга үч жолу эскертүү иретинде ок чыгарган.

Окуянын чоо-жайын жана себептерин тактоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде Баткен жана Исфара тилкелери боюнча жыйын өттү.