Кино сценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек

- Өмүрзак Жолдош уулу, “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасын тарткан киночу катары сизди “Манас” эпосунун күнү менен куттуктайбыз!

- Рахмат! Элибиздин улуу чыгармасынын майрамы менен жамы кыргыз журтуна куттук айтмакчыбыз!

- “Манас”  училтиги боюнча биринчи ирет “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасын  чоң ызы-чууга карабай тартып бүтүп коомчулукка тартууладыңыздар. Резонанс тасманын маанилүүлүгүн айгинелейт. Мындай реакция сиздерге жардам, дух бердиби же текерисинче, тоскоолдук түздүбү?

- Ооба, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” – кыргыз элибиздин ааламга айгине аша улуу чыгармасы. Аны тасмага айлантуу зор кызыгууну  жаратты. Ушундай болоорун сценарист жана продюсер катары башынан эле түшүнүп, 40 жыл театрда коюлуп, элге сиңген Жалил Садыковдун драмасын негиз кылганбыз. Туура сын көмөктөшөт, чыйралтат. Ал эми “тартпаш керек”, “тигил жери андай эмес, мындай болуп калыптыр” деп жалпайта чапкысы келүү, куру доомат артуу сын эмес, бут тоскондук.

- Азыр талаш-тартыштын кызуусу тарады. Эми сергек саресеп  салсаңыз болот дегендей, кимдер каршы турду?

- А дегенде манасчылар каршыкты.

- Эмнеге? Тескерисинче, алар кубанышпайбы улуу чыгарма элге кеңири тарап атканына.

- Үчилтик киного айланса алардын айтымчылыгынын мааниси төмөндөөрлүгү тынчсыздарды, сыягы.

- Башкы дооматтары кайсы болду?

- Алар эпосту миф, жомок түрүндө жаттап айтып көнүшкөн. Ошону талапташты. Таланттуу дөө-шаа акын-драматург Садыков андай апыртмаларды алып салып, “Манастын уулу Семетей” пьесасын реалисттик нукта жазган, биз ошол ыкты уланттык.

- Пьесаны да сындашса керек убагында?

- Жалил акенин жубайы Сабира эже айткан: “Манастын улу Семетей” чыкканда” Жалилдин достору да каска айланган” деп.

- Манасчылар баштаптыр да каршылыкты. Анан?

- Улуу чыгарма а деп тасмага айланып атса... Бул Жапаровдук бийлик убагындагы маданий, арылап идеологиялык олуттуу  долбоор. Ошондуктан бийликтин оппозициясы ур-тепкиге алды.

- Чыгармачылык атаандаштык күчтүү болот эмеспи, маданият тармагындагы кесиптештериңиздер да сындап чыгышты окшойт.

- Распутин жазган: “Жарышка 20 киши чыкса, алдыга озгонду арттагы 19у ичтери күйүп, желкесин теше тиктейт” деп. Анысы кандай кыргыз элинин кылымдык улуу кыялын биз баштап жүзөгө ашырып атсак... Далайлардын ичтери өрттөндү... Саясат, идеология мыкчыгерлери баш болуп... Анын үстүнө Маданият министрлиги, Кино департаменти, “Кыргызфильм” - башкаруу жаатындагы жайнаган маданият аткаминерлерин, киночуларды кыйгап жеке менчик кино студия тартып кирсе...

- Оппозиция да, бийлик да баары аралаш каршы туруптур да.

- Президент менен мамкатчы колдоду. Болбосо, чыгарбаска катуу далбасташты.

- Душман көп болуптур.

- Мындан 6-7 жыл мурда "чү" деп “Манасты” тартууга умтула  баштаганда Кыргыз Эл акыны, “Манас эл” кыймылынын башчысы Асан Жакшылыков айтты эле: “Манастын ички, тышкы душмандары көп, катуу тоскоолдук жасашат”,- деп. Кыргыздын ичиндеги Абыке-Көбөштөрдүн, кыргыздашып кеткен калмактардын тукумдары ызы-чуу салышты. Болбогон майда-чүйдөнү тоодой кылып апыртышып...

- О-о, кастарыңыздар өтө көп экен. Эми “Манасты” тартсаңыздар кантишээр экен?!

- Манас бабабыздын душмандары көп, жолу катуу болгон экен. Бирок чындык баарынан күчтүү. Дүйнөдөгү эң улуу эпос тасмага айланып ааламга тарашы керек. “Манас” киносун тартуу боюнча буйруса, дүйнөлүк эң ири кино компаниялар менен кызматташып атабыз.

- Эпостун көп варианттары бар экени айтылып келет. Алардын кайсынысын негиз кылмакчысыздар?

- 1986-жылы Кыргызстан жазуучулар союзу таланттуу калемгерлер Ашым Жакыпбеков менен Кеңеш Жусуповго “Манас” эпосунун варианттарын изилдеп, алардын негизинде роман жазууну тапшырган. Негизи ушул романдарга таянуудабыз. Анан дагы дөө-шаа акын-жазуучулар Жалил Садыковдун драмасын, Мар Байжиевдин орус тилиндеги, Бексултан Жакиевдин түзгөн китептерин негиз кылуудабыз.

- 3 сааттык “Манас” анимациялык көркөм фильм тартыларын  билдирдиңиз эле. Же башка варианттар да каралабы?

- Манас - кыргыз эли үчүн улуу, ыйык. Андыктан Айкөлдү актёрго аткартып, көптөрдү наалытпас үчүн анимацияга ыктап турабыз.

- Мухаммед пайгамбар менен Чыңгызхан тууралуу канча өлкөлөр ар кандай жанрдагы көптөгөн варианттагы тасмаларды тартып келатышат. Биздин “Манас” деле келечекте көп түрдүү киного айланса керек?

- Ооба. “Манасыбызга” дүйнөдө кызыгуу күч. Биз иштешкен Россия, Турция, Кытай киночулары биргелешип тартууну сунушташууда.

- Улуу державалар Россия, Кытай, Турция менен биргелишип тартсаңыздар чыныгы дүйнөлүк тасма болмок экен!

- Алар менен да, дүйнөлүк лидер кино компаниялар Голливуд, Болливуд жана “Нетфликс”, “Амазон” стриминг платформалар менен да кызматташып атабыз, буйруса.

- “Манастын уулу Семетей” Италияда Европалык кино фестивалдын сыйлыгы аркылуу эл аралык таанууга ээ болуусуна чын ниеттен кубандык.

- Рахмат! 12-17-ноябрда Милан шаарында өткөн эл аралык кино фестивалдын уюштуруучулары тарабынан “Манастын уулу Семетей” өзгөчө маанилүү тасма катары тандалып, катышуучулар толук жыйналган акыркы күндүн эң ыңгайлуу убакыты болгон 18.30да коюлуп, баалуу дипломго жана жюрилердин бөтөнчө көңүл буруусуна арзыганы, биз катышкан алгачкы эл аралык сынакта ийгилик жылоологону улуу чыгармабызга болгон ааламдык сый-урматтын белгиси. Буйруса, бул алгачкы ийги жышаан, алдыда кыргыз тасмасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кеңири көрсөтүлмөкчү.