Кыштын күнү үйгө от жагуунун да өзүнчө эрежеси болот, аны билип алуу ашыктык кылбайт. Анткени, өлкөбүздүн ар кайсыл жеринде өрт чыгып, иске ууланып каза болгондор жыл сайын кайталанып келет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын кызматкери Асхат Муканов истин түсү да, жыты да жок болоорун белгилейт. Анын айтымында, быйыл 10 ай ичинде өлкөбүздө 2 530 өрт кырсыгы катталса, анын 1 680и турак үйлөрдөн чыккан. Андан 19 адам каза болду. Бул былтыркы статистикага салыштырмалуу көптүк кыларын Асхат Муканов билдирди.
Анын айтымында, бардык күйүүчү нерселерди (кийим, эмерек, отун жана күйүүчү аралашмаларды) мештен кеминде 1,5 метр алыс коюу зарыл.
"Көмүртек кычкылына (СО) уулануу эң көп адам өлүмүнө алып келген кырсыктардын бири. Истин түсү да, жыты да жок болгондуктан сезилбейт. Истин булактары тиричиликте от жагуучу мештер, газ жылыткычтар, суу жылыткычтар болуп саналат. Төмөн концентрациядагы иске ууланганда булчуңдардын алсыздыгы, баш айлануу, кулактын чуулдашы, жүрөк айлануу, кусуу, уйку келүү белгилери болот. Ал эми көмүртек кычкылынын жогорку концентрациясы менен бир-эки дем алуу өлүмгө кептейт. Мешти туура эмес колдонуу көбүнчө өрткө же көмүртек кычкылы менен ууланууга алып келет. Эч качан бат күйүүчү заттар менен отту тутантпаӊыздар. Мештин үстүнө кир жайып же жанына күйүп кетүүчү буюмдарды койгонго болбойт. Мештин оозуна темир коюп койгон оӊ. Ошол эле учурда уктаардан кеминде эки-үч саат мурун от жагуу керек. Анын күйүп жатканын көргөндөн кийин гана уктаса болот. Меште эч кандай жарака болбошу зарыл, ал эми мордон түтүн жакшы чыккыдай болушу шарт. Жылытуу мезгилинде кеминде эки айда бир жолу морду көөдөн тазалап туруңуз", — деди Муканов.
Ал электр жана газ жабдуулар менен иштеген мешти маалы менен адистерге текшертип туруу кажет экенин кошумчалады.