Печать
Категория: Коом
Просмотров: 229

Бул менин баамым, байкоом. Балким жаңылыштыгы бардыр. Мамиле ушундай болуш керек го, ээ?

1. “Каяктасың?”, “Качан келесиң?”, “Ким менен жүрөсүң?” суроолору адамдын эркиндигин чектеп, кысып, өсүшүнө тоскоол болот. Бири бириңе ишенүү, ишенимин актоо керемет сезим

2. Жакындарыңды, балдарыңды биринчи орунга койбойсуң. Силер түзгөн бүлөдө оболу экөөң турасың, анан гана балдарың, ата-энең.

3. Бириңди бириң минбейсиң. Ар ким өз иши менен алек болот. Мындан улам тажатпайсың, а сагынып турасың. Эркиндик бересиң.

4. Чогуу болгон учурда романтикалык кеч жасап, кызыктуу пландарды түзүп, экөөң эки жакка чыгып, таттуу убакыт өткөрөсүңөр.

5. Дайыны жок таарынып, “Эмнеге таарынып атканды көзү ачык жалдап таап ал” дебейсиң. Ар бир моментти ачык-айкын сүйлөшөсүңөр. Жаккан-жакпаган жерлерди тынч олтуруп талкуулайсыңар.

6. Анын ачуусу келип турганда үндөмөй жок. Тараганда гана жай олтуруп сүйлөшүп аласыңар. Сен ачууланганда ал үндөбөйт.

7. Төшөк маселеси абдан маанилүү. Аны өркүндөтүп, өтөсүнө чыгып, жаңыланып, түрдүү оюн көрсөтүп жана эмне жагып-жакпай жатканын ачык сүйлөшүп турасыңар

8. Үйдө да, сыртта да оокаттарды, тиричиликти тең бөлүшөсүң, минип алуу, оордугуңду таштоо, же болгон жүктү үйүп алуу жок

9. Сырдашып туруу абзел! Бул абдан маанилүү. Ичиңди бири бириңе төгүп, бириңе оюңду, ичиңдеги букту айтып турууга убакыт берүү керек. Бул нерсе силерди дагы жакындатат.

10. Кандай гана уруш чыкпасын чечип алуу жана кечинде жатаарда сөзсүз кучакташып жатуу керек. Балекеттин баары өзүнчө жатуудан башталат

11. Бири бириңе сюрприз жасоо, белек даярдоо да абдан көңүлдү көтөрөт.

12. Эркегиңди же аялыңды башка менен салыштырбайсың, басынтпайсың. Бири бириңдин артыкчылыгыңарды белгилеп туруу сонун.