- Жыпара эже, Курултай максатына жеттиби? Делегаттар айтайын дегенин ачык айта алдыбы?
- Курултай максатына жетти. Келген делегаттын баары көйгөйлүү маселелерди айтып, аны чечип берүүнү өтүндү. Тагыраагы, президент менен маңдай -тескей сүйлөшүп, болгонун болгондой айтышты.
- Жалаң гана "дежурлар" келди деген да пикирлер бар?
- Анын баары жалган. Курултайга элдин элегинен өткөндөр келди. Бийлик өзү билип эч кимди кошкон жок. Эл кимди шайласа, ошолор делегат болуп келди. Ошон үчүн маселе ачык айкын айтылды. Ким эмнени кааласа ошону сүйлөдү.