- Курултай бийликке баа бере албай калды деп жатышат го. Сиздин баамыңызда Курултайда кемчиликтер болдубу?
- Аз-маз кемчилик болду. Бирок ал кечиримдүү. Анткени, бул биринчи өткөн курултай болуп жатат. Кээ бир учурда жер-жерлерде эле чечиле турган маелелер Курултайдын трибунасын да айтылып жатты. Кийинки Курултайда мындай нерселер орун албайт деп ойлойм. Анткени, анда эл айткан маселелеринин чечилишин талап кылып, бийликтин ишине баа берет. Кийинки Курултай азыркыдан жакшы өтөт. Бийликке да, делегаттарга да ушул Курултай чоң тажрыйба болот.
- Президенттин ар бир маселеге маани берип, жооп берип жатканы эмнеден кабар берет?
- Президенттин ар бир маселени кунт коюп угуп, ар бирине жооп берип жатканы - маселе көз жаздымда калбайт дегенинен кабар берет.