Кара-Балтада жарандын сөөгү табылганын Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Сөөк табылганы тууралуу милицияга кабар бүгүн саат 7:48де келген.
Милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн такташканда, ал 49 жаштагы Х.И. болуп чыккан. Аны белгисиз бирөөлөр башка атып кетишкен. Киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды.
Маалымат каражаттары маркум бизнес менен алектенгенин жазышууда.