Ишкерлер камсыздандыруу төлөмдөрүн дем алыш күндөрүнө чейин төлөйт. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев парламент жыйынында билдирди. 

Ага депутат Кундузбек Сулайманов камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнбөй калган учурда дем алыш күндөрү үчүн дагы айыппул кошулаары тууралуу суроо берген. 

"Уюшкан тармак адатта өз убагында төлөйт. Төлөм мөөнөтү ишемби же жекшембиге туш келип калган учурда жума күнү төлөп коюшат", - деди Алиев. Аны менен катар уюшпаган тармак мөөнөтүнөн кечиктирерин айтып келатканда депутат анын сөзүн бөлдү. 

"Ишкерлерди жалпы жонунан каралабаңыз. Сиз эмне көзү ачыксызбы? Же бардык ишкерлер менен сүйлөшүп көрдүңүзбү? Эмнеге сиз тескерисинче, дем алыш күндөрүнө айыппул жазбоо тууралуу сунуш киргизбейсиз?" - деди Сулайманов. 

Соцфонддун төрагасы мындай норма ушул убакка чейин болуп келгенин белгилеп, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы менен бул маселени талкууларын билдирди.