Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевди отуруп алганы үчүн айыптап, Камчыбек Ташиевден үлгү алууга чакырды.
Бүгүн, 2-декабрда "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жана "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйыны өтүп жатат.
Алгач Токторбаев Соцфонддун төрагасынын жашын сурады эле, ал 44 жашта экенин айтты.
"Сиз жаш турбайсызбы. Трибунага чыгыңыз. Өткөн жолу сизден бир топ улуу генерал Ташиев бул жерде 6 саат тикесинен тик туруп, Кемпир-Абад боюнча суроолорго жооп берди. Анткени, ага депутаттардын алдында отуруп алыш ыңгайсыз болгон. А сиз жарым саат тура албайсызбы? Бала эле бойдон экенсиз го", - деди Токторбаев.
Бактияр Алиев депутаттар ага отурууга уруксат бергенин айтты. Токторбаев баштагы оюн өзгөрткөн жок.
"Уруксат берген учурда да "мен жашмын, туруп эле турам" дешиңиз керек болчу. Канча айлык аласыз?" - деп сурады. Алиев 50 миң сом алаарын, анын 10 пайызы, демек, беш миң сом Соцфондко кармалаарын айтты.
"Пенсияга чыкканыңызда 50 миң сомдун тегерегинде пенсия аласыз. Сиздин Соцфонддо акыйкатсыз саясат жүрөт. Анткени, пенсия көп болгон сайын көп кошулат. Пенсия аз болсо аз кошулат", - деди Токторбаев.