Печать
Категория: Коом
Просмотров: 267

Адахан Мадумаров мыйзамдуулук боюнча сүйлөгөндө өмүрүндө ыйлабаган адам да көзүнө жаш алып, ыйлап ийиши мүмкүн. Ушунчалык сонун сүйлөгөндүктөн, мыйзамдуулуктун символундай, эталонундай эле кабылданат.  Бирок бул Мадумаровдун мыйзамдуулукту оозанганы эл, шайлоочулар алдындагы эле жүзү болбосо, саясатчы катары чыныгы жүзүн көрүп, билип бүтпөдүкпү. 

Аз күн мурда Мадумаровдун мыйзамдуулук маселеси саясаттагы бетке кармаганы эле болбосо, иш жүзүндө мыйзамдарды уруп ойнобой турганына дагы бир жолу күбө болдук. Буга чейин жасалма дипломдуу Орозайым Нарматова дегенди партиясына киргизип, ЖК депутаты кылган болсо, эми мыйзамсыз, жасалма, жалган эмгек китепчелери аркылуу Айпери Кулмурзаева дегенди өзүнө кеңешчи, Айгерим Алибаева дегенди фракциянын катчылыгына эксперт, ал эми Муратбек уулу Азамат дегенди өзүнө жардамчы кылып жумушка алганы аныкталды. УКМК бул үчөөсү  эмгек китепчелерин жасап, жалган маалыматтарды көрсөтүү менен Жогорку Кеңешке кызматка орношкондуктары белгилүү болду. Албетте, бул мыйзамсыздыктардын башында Мадумаров турганы айтпаса да түшүнүктүү. 

Мына, бул ЖК трибунасынан дайыма мыйзамдарды аткарууну, мыйзамдуулукту сактоону талап кылган Адахан Мадумаровдун чыныгы жүзү. Сөз жүзүндө башка, иш жүзүндө таптакыр башка. Бул бүтүндөй мамлекетти, кыргыз элин, шайлоочуларын алдагандык эмей эмне?! Бул факт Мадумаровдун саясатчы, лидер катары биротоло деградацияланып бүткөндүгүн, ал үчүн мыйзамдуулук, тазалык деген баалуулуктар түккө арзыбай калганын гана айгинелейт!  

Жасалма документтер аркылуу жумушка алууга Мадумаровго эмне күч келди? деген суроо жаралбай койбойт. Бирок анын жообу деле белгилүү болду окшойт. Айтылып, жазылып жаткандай,  Айпери Кулмурзаева деген Мадумаровдун ойношу, көңүлдөшү экен. «Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, бул айтылгандардын чындыгы бар экенинен шек санабасак деле болчудай. Ошондо кандай болуп калат? Мадумаров үчүн мыйзамдуулук маселеси  ычкырынан да төмөн турган, түккө арзыбаган нерсеге айланабы? Тилекке каршы, ошондой экенине ынанып олтурабыз.

Эми Мадумаров буга эмне дейт? Күнөөсүн мойнуна алып, унчукпай калабы? Же бет тырмарлыктын жеткен чегин көрсөтүп, бети кызарып да койбой кайра бийликти айыптап, өзүн курмандык кылып  көрсөтөбү? Кыргыз элинен, шайлоочуларынан мыйзамсыз жоругу, бүтүндөй кыргызды алдагандыгы үчүн кечирим сурай алабы? «Урматтуу, шайлоочуларым, силерди караган бетим жер карады. Кечирим сурайм. Андан көрө өлүп калганым артык. Өлсөм, сөөгүмдүн күлүн Кемпир-Абадга чачып ийгиле» деп айта алабы?

ФБдан алынды