Прокуратура жаатында коррупция өсүүдө. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди. 

Ал жарандардын акчасын алдап алган адамдарды прокурорлор менен милиция коргоп жатканын белгиледи. 

"Бир мисал айтайын, Азиз деген ишкердин 120 миң сомун алып качып кеткен адамдын үстүнөн арыз жазса, ишти жаап салыптыр. Ар кандай каржылык пирамидаларга алданган адамдар көп, аларды да айтып жатабыз. А мында акчаны түз алып качкандар кармалбай жатат. Мен акчаны алып качкан прокурорлордун атын атам берем, кийинчерээк", - деди Атазов. 

Шайлообек Атазовдун билдирүүсүн депутат Жеңишбек Токторбаев кубаттады. Ал башкы прокурор Курманкул Зулушевди парламент жыйына чакырып, прокурорлор үчүн болгон жоопкерчилигин кароону сунуштады. 

"Прокуратура тармагында коррупция күн сайын өсүп баратат. Элдин дагы бул тармакка пикири тескери болуп калды. Иштин беренесин өзгөртүү үчүн 10 миң доллар сурашат экен. Прокуратура "монстрга" айланды", - деди.