Печать
Категория: Коом
Просмотров: 458

Журналист Болот Темиров жарандыгын алган өлкөсүнө чыгарылды. Бул тууралуу ИИМ министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

"Өлкөдөн чет өлкөнүн жарандагы гана чыгарылат. Депортация болоордун алдында биз ал адамдын жарандыгы бар өлкөнү кабардар кылабыз. Кыргызстандан 2021-жылы 19 чет өлкөлүк жаран депортация болду, быйыл 13 жаран", - деди министрдин орун басары. 

Депутат Дастан Бекешевдин "Кыргызстандын жараны болгон Болот Темиров дагы депортация болду" деген суроосуна, Абдиев төмөнгүчө жооп берди: 

"Анын жарандыгы боюнча соттун чечими бар. Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганы аныкталган. Ошондуктан, ал Кыргызстандын жараны болуп эсептелинбейт. Биздин өлкөдө төрөлгөн, бирок кийин Россияга көчүп кетип, ошол жактын жарандыгын алган.

Депортация болгон жарандарды бара турган жерине чейин эгер зарыл болсо милиция коштоп жеткирет. Ага чейин керектүү буюм-тайымын алганга уруксат берилет. Дастан Бекешев айтып жаткан жарандын үйүнө барууга зарылчылдыгы жок экен", - деди.