- Курултай тууралуу кандай ойдосуз?
- Президент парламент мыйзам кабыл алгыча эле өз Жарлыгы менен Курултай чакырып салганы эң туура болду. Анысы менен президент саясий эрктүүлүгүн көрсөттү. Курултайда ачуу чындыктар айтылды. Жасалмалуулук болгон жок. Делегаттарды эл тандаган үчүн түрдүү позициядагы адамдар келди. Ошон үчүн ким эмнени кааласа, ошону сүйлөдү.
- Бирок бийликке "пахта" койгондор көп экен деп жатышат го, айрымдар?
- Эгер бийликке пахта койгондор көп болсо, сындар айтылмак эмес. Оппозициялык көз караштагылар келмек эмес. Делегаттар эл өзү тандаган үчүн эл алдында кадыр-баркы бар, маселе көтөрө ала тургандар келди.