Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев мурдагы депутаттарга карата козголгон кылмыш ишинин дайынын сурады.
"Мурдагы депутат Асылбек Жээнбеков чөнтөктөш досу Төрөбай Зулпукаров менен чогуу кылмыш ишине кириптер болгон. Ал кылмыш ишинен бүгүнкү күнгө чейин дайын жок. Камалышабы же жеген акчаларын мамлекетке кайтарышабы? Элге айтып койгула. "Кар жаады, из басты" болуп биздин "чоңдор" менен куда-сөөк болуп калса эле унутулуп калабы?" - деди депутат.
Эске салсак, Асылбек Жээнбековдун кызы Акылбек Жапаровго келин болгон. Ал эми Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров Кумтөр иши боюнча айыпталгандардын катарында.