КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө. Анын алкагында жалпы салмагы 18 килограммдан ашык болгон баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун 1959-жылы туулган К.Г.Г. жана 1968-жылы туулган Н.Н.М. аттуу тургундары кармалышты.
Кармалган К.Г.Г. жана Н.Н.М. КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыктын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
2022-жылдын 27-ноябрында К.Г.Г. жана Н.Н.М. КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана ошол эле күнү Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын аныктамасынын негизинде К.Г.Т. жана Н.Н.М. КР УКМКнын тергөө камак жайынына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.