Печать
Категория: Коом
Просмотров: 206

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков банктар элди тоноп жатканын билдирди. 

"Банктарда валюта курстарынын жазылганы башка, алмаштыра келсең иш жүзүндө башка цифра. Шайлоочулар кайрылып жатат, Россиядан мурда туугандары миң доллар жөнөтсө, бул жактан миң доллар алышчу экен. Азыр миң доллар жөнөтсө 970 доллар алышат. Калганы пайызына кармалат. Улуттук банктын төрагасын чакырсак "ал эле, бул эле" деп, валюта жетишпей жатканына шылтайт. Бул туура эмес. Бул жөн гана элди тоноо. Ансыз да мигранттардын акчасына жашап жатабыз, ИДПнын көп пайызын алар жөнөткөн каражат түзөт. Бирок тойбой коюшту. Азыркы кризисте эң көп пайда тапкан банктар болуп жатат", - деди депутат. 

Депутат Балбак Түлөбаев дагы Кадырбековдун айтканына кошулуп Улуттук банктын өкүлдөрүн парламент жыйынына чакырууну сунуштады. Ал Улуттук банктын төрагасы валюта рыногун көзөмөлдөй албай жатканына айыптады.