Исхак Масалиев алтынды өндүрүүнү жана сатууну, "Кумтөр голд компани" ЖАКтын ишин изилдөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жетекчиси болуудан баш тартты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Шакиев билдирди. 

Анын айтымында, Масалиев ден соолугуна байланыштуу комиссияны жетектей албай турганын билдирген. 

"Комиссия түзүлүп, жетекчиси дайындалгандан бери бир да иш боло элек. Тез арада отурум өткөрүп, ишти алдыга жылдырыш керек. Ушуну баштагандан кийин аягына чыгарсак болмок", - деди Шакиев. 

Эске салсак, аталган депутаттык комиссиянын жетекчилигине Исхак Масалиев дайындалганы 27-октябрда белгилүү болгон. Ал ошондо маалымат каражаттарына маек берип, кийинки жумада иштин багыттары боюнча аракеттенип башташарын билдирген. 

"Кумтөргө барабыз, тийиштүү кызматтардан сурамжылоо жүргүзөбүз. Канчаны, канчадан сатылганын билгенге аракеттенебиз", - деген Масалиев. 

Жакында Бишкекте өткөн биринчи Элдик Курултайда президент Садыр Жапаров дагы депутаттык комиссиядагы депутаттардын бири дагы Кумтөргө басып барышпаганын айткан.