Печать
Категория: Коом
Просмотров: 533

Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргыз тилинин учурдагы көйгөйлөрүн белгилөө менен ага болгон мамилени кескин өзгөртүү керектигине айрыкча басым жасады. Бирок төраганын бул демилгесин өлкөбүздүн ичинде да, сыртында да сынга алгандар көбөйдү. Арийне, мындай көрүнүш «мен кыргызмын» деген ар бирибизди ойго салбай койбойт.

Себеби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамы алгачкы жолу 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынганы менен өткөн 33 жылдын ичинде кыргыз тилин тиешелүү деңгээлде өнүктүрө албай келебиз. Албетте, ал мыйзам кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары укуктук макамын аныктоого, сактоого жана өнүктүрүүгө негиз түздү. Бирок андагы мыйзамдык принциптер менен ченемдер толук ишке ашкан жок. Ошондуктан 2004-жылы кайрадан жаңы мыйзам кабыл алдык.

Өкүнүчтүүсү – мыйзамдар кабыл алынганы менен, алар так аткарылбай жатат. Дагы бир көйгөй мамлекетибизде маал-маалы менен тилди өнүктүрүүгө багытталган программалар кабыл алынып, иш-чаралар өткөрүлгөнү менен ырааттуу жана системалуу саясаттын болбогондугунда. Ошондой эле көйгөй коомубуздун эне тилибизге болгон чоркок мамилесинде жатат. Башкасын айтпаганда да балдарыбыздын «киргиз» болуп калышына үй-бүлө, ата-энелер өздөрүбүз күнөөлүү болбогондо, эмне мамлекет күнөөлүүбү?

Ушундай учурда жаңы бийлик келип, коомубуздун көңүлүн кыргыз тилин, маданиятын, нарк-насилин жана баалуулуктарын өнүктүрүүгө буруп жактаны алкоого татыйт. Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен кабыл алынган жаңы Конституцияга «Коомдун руханий-маданий негиздери» деген атайын глава киргизилип, анда тиешелүү укуктук ченемдер бекитилди. Ушул эле максатта «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө» президенттин жарлыктары чыкты. Мындан сырткары, мамлекеттик тил комиссиясы «Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия» болуп жаңыдан түзүлдү. Кыскасын айтканда, учурда мамлекетибиздин жетекчилиги кыргыз элинин маданияты, нарк-насили менен руханий-адеп-ахлакка өзгөчө көңүл бөлүп жатат. Арийне, мунун баары кыргыз тилин өнүктүрүүнү талап кылат.

Ошол эле учурда, кыргыз тили «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамдын 1-беренесинде Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн негизги уңгусунун бири катары аныкталган.

Мына, ушулардын баарын эске алганда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгелери – мамлекеттик тил саясатыбыз менен үндөшкөн, убагында айтылган актуалдуу сунуштар.

Борбор шаарыбыздын орусча аталган төрт районуна Манас, Чыңгыз Айтматов жана башка кыргызды кыргыз кылып ааламга тааныштырган атактуу инсандарыбыздын ысымдарын ыйгарсак эң туура болот. Мындай кадамдын артында Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү жана эгемендүүлүгү, патриоттук аң-сезим, мамлекеттик тил маселелери жатат.

Ошону менен бирге, бул маселелерди өтө эле саясатташтыруунун кереги жок. Айрыкча, «Россия менен мамиле бузулат», «орус улутундагы жарандарыбызга кысым катары кабыл алынат» деген сөздөр да негизсиз. Себеби орус тилинин Кыргызстанда конституциялык макамы жана кепилдиги бар. Конституциябыздын 13-беренесинде «Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат» деп так жазылып турат. Ошондуктан мыйзамдар, ченемдик актырлар жана расмий иш кагаздар кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат жана колдонулат. Мындан сырткары, Кыргызстандагы бардык улуттардын өкүлдөрүнө, алардын ичинде орустарга дагы өз эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү укугу жана кепилдиги да Конституцияда, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө» мыйзамдарда бекитилген.

Юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Автандил Арабаев