Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиевдин Элдик Курултай тууралуу "либерал достору менен баарлашуусунан" үзүндү жарыялады:

- Курултай - бул бийлик менен элдин байланышынын улуттук формасы. Көзмө көз сүйлөшүүнү электрондук порталга айлантпагыла! Курултай эки күн катары менен 9 сааттан болду, Кыргызстандын президент башында турган бардык бийлиги бул бийликти шайлаган элдин үнүн угушту. Ооба, сүйлөшүү "эки интеллигент профессордун" диалогуна окшошпойт, эмоция дагы, майда-барат маселелер дагы, кайталанма дагы болду. Бирок андан ким зыян тартты? Сизге Курултай эмнеси менен жаккан жок? 

Биздин либералдар эки ай бою дүжүрлөр гана чогулуп, бийликке мактоолор жаайт деп ар кайсы жакта кыйкырып жүрүштү. Кана, ошол мактоолор? 

Курултайга бийликтин 3 бутагы жана алардын тең салмактуулугу тууралуу либералдык-демократиялык теория менен карабаш керек. Курултай бул тууралуу эмес. Курултай - элдин бийликке өзүнүн маселелерин, аны чечүү жолдорун айтууга, бийликтин кемчиликтерине нааразы болууга жана ийгиликтерине кубанууга болгон укугу. Курултай - бул бийликтин элдин көйгөйүн соцтармактар жана электрондук порталдар аркылуу эмес, түз угууга болгон милдети. Бул деген демократиялык көрүнүш! А сиз дагы демократиянын тарапташысыз да, туурабы? 

Демократия бул бийликтин классикалык үч бутагы эмес. Демократия дайыма болушу керек жана улуттук-тарыхый колоритте болот, сизге жакса, жакпаса дагы.. Курултай менен Жогорку Кеңешти максаттуу түрдө чаташтыруунун кереги жок. Ооба, Курултай биздин батышчыл - либералдардын көзүнө жана кулагына спецификалык нерседей туюлушу мүмкүн. Аны түшүнсө болот. Бирок бул конституциялык спецификалык орган. Конституцияны сыйлайлы. 

Акырындык менен Курултай кайсы бир айыл өкмөттөгү 11 гектар жердин тагдыры эмес, өлкөнүн жана элдин стратегиялык маселелери талкууланган жалпы улуттук аянтка айланаарына ишенем жана үмүт кылам. Биз кайдабыз, өлкөбүз кайда баратат, Кыргызстан, биз 20 жылдан кийин ким менен болобуз, кандай күндү көрөбүз? Глобализация доорунда өз өлкөбүздү кантип калыптандырабыз? Уникалдуу жаратылышыбыз менен уникалдуу маданиятыбызды кантип сактап калабыз? Гүлдөгөн демократиялык өлкөнү кантип курабыз? Улуттук идеология деген эмне? 

Мына, ушундай суроолор толтура. Буйруса, баары ордуна келет.