Бишкекте 25-26-ноябрда биринчи Элдик Курултай болуп өттү. Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнөн келген делегат Эркин Маматова Курултай көздөгөнүнө жетти деп эсептейт.
"Келген делегаттардын баары өздөрүнүн аймагындагы маселелерди президентке түз жеткире алышты. Алардын арасында мен дагы маселебизди айттым. Буйруса, Курултай максатына жетти деп айта алам, анткени, мамлекет башчысы өзү катышып, бардык делегаттардын үнүн угуп, аягында аларга комментарий да берип жатат. Аткарыла турган иштерди аткарылат, аткарылбай тургандарды аткарылбайт деп ачык айтканы да үмүт жандырды. Буга чейин Курултайда ар кандай маселелерди көтөрүштүн кереги жок, президенттин ишине баа бериш керек деген сыяктуу пикирлер болбодубу. Мен президенттин ишине жогору деген баа берет элем. Мурдагы президенттерди да көргөнбүз, азыркы мамлекет башчыбыз абдан жакшы иштеп жатат. Адам баласы жакшы нерсени көрүшү кыйын, а жаман нерсени тез көрөт экенбиз. Пайдасын эске албай, зыянын издегенди адатка айланттык.
Курултай болуп жаткан маалда сөз эркиндиги деп жөө жүрүш кылгандар болгонун угуп калдым. Менимче, сөз эркиндиги болгону үчүн ошондой жүрүштөр болуп жатат. Сөз эркиндигинин ашыкча болуп кеткени үчүн коомдо ээнбаштар көбөйдү. Ынтымактуу эл болсок, бак-дөөлөт өзү келип конот. Кыргыз улуу элбиз. Мен 42 жыл мугалим болуп иштедим, пенсияга чыкканыма бир гана жыл болду. Балдарга жакшы нерсени көрүп, жаманды кабыл албоону үйрөттүм. Өлкөбүздүн жакшы жагын чыгарып, жаман жагын жашыруу керектигибизди айтып келдим. Адам баласындагы эң жаман сапат - адамдын жакшы, пайдалуу жагын тез унутуп, жаман жагын көңүлгө түйүп алганыбыз", - деди Эркин Маматова.