КР Эл артисти Бек Борбиев ЖК спикери Нурланбек Шакиев тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жазды.
"Кыргыз деп, кыргыз тили деп сүйлөгөн Нурлан Шакиевге алкоолор болсун. Уулуттун улут катары баасы - тилинде. Ооба, бирөөгө тил эмес, эң алгач курсагынын камы, антсе да жер каймактагандан бери жоголбой жашап келген тилибиз акыркы 100 жылда коркунучта экени белгилүү. Бүгүн айтылган сөздөр жерде калбайт деген ниеттемин.
Нурлан Шакиев бүгүнкү сөзү менен өзүнө көп душман ашырып алды. Анткени, мен билем Кыргызстанда кыргыз тилинин душмандары көп. Тил боюнча пикир жазып жүрүп, өзүмдүн жон терим менен сезгем бул маселени. Мына, азыркы убакта эле "райондордун атын өзгөртсө элдин курсагы тоёбу?" деген таризде ФБда постор жазыла баштады", - деп жазды ырчы.
Эске салсак, 25-26-ноябрда Бишкекте өткөн биринчи Элдик курултайда ЖК спикери Нурланбек Шакиев эне тилдин абройун көтөрүү боюнча сунуштарын жолдогон жана борбор калаадагы төрт райондун орусча аталыштарын кыргызча аталышка айлантуу керектигин айткан.