Социнтерн деген бар. Дүйнөдөгү социалисттик партиялардын башын бириктирген уюм. Анын кезектеги жыйыны Мадрид шаарында өтүп, ага Кыргызстандан баягы эле Атамбаевчилер барып катышып, «Атамбаевди жок кылганы жатышат, саясаттын курмандыгы болууда» деген сыяктуу «ырларын» дагы бир жолудан кайталашыптыр. Аны менен чектелишпей «сөз эркиндиги муунтулуп атат, эркин ЖМКларды четинен жаап атышат, сөз эркиндиги коркунучта» деген таризде «арызданышып», Социнтерндин мүчөлөрү КР бийлигине «сөз эркиндигинен колуңду тарт» деген кайрылуу жолдогонго үлгүрүшүптүр.
Албетте, Социнтерндин кайрылуусуна маани берүүнүн кереги жок. Уюм болгон соң кайрылуу, билдирүүлөрдү жасап турбаса да болбойт. Бирок Кыргызстандагы реалдуу абалды билбей туруп, бир ууч оппозициячылдардын айткан, дегендерине ишенип эле резолюция токуп, кайрылуу жасай беришсе, бул уюмдун олуттуулугунан, салмагынан деле шек санайт экенсиң. Сыягы, Социнтерндегилердин көпчүлүгү Кыргызстан аймакта демократиялык, сөз эркиндиги өкүм сүргөн өлкө экендигинен деле кабарлары жок окшойт.
Ал эми сөз эркиндигине келсек, Кыргызстандагы сөз эркиндиги жайында. Маселенин баары сөз эркиндигин бетке кармап алышып, өлкөнүн, элдин кызыкчылыгына каршы иш кылышкан «койнунда котур таштары», арам ойлору бар бузукуларда болуп атпайбы! Сөз эркиндиги алар үчүн дүжүр шылтоого айланды. Сөз эркиндиги бар үчүн Кыргызстанда ар ким каалаганын, ойлогонун жаза алат, айта алат. Сөз эркиндиги бар үчүн бийлик башындагыларды сындай алышат. Сөз, ой эркиндиги бар үчүн акыркы өткөн Курултайда делегаттар президентти баш, калганын төш кылып сындашты, ачуу чындыктарды айтышты. Сөз эркиндиги – каалаганын айтып, каалаганын кыйкырып, мыйзамдарды уруп ойнобой койгудай жунгли токою эмес. Сөз эркиндиги – биринчи кезекте мыйзамдуулук, жоопкерчилик. Анан мыйзамдарга каршы иштерди кылышып, жоопкерчилик дегенди түк унутушуп, мамлекеттин бүтүндүгүнө, элдин тынчтыгына, стабилдүүлүккө каршы багытталган иш-аракеттерди жүргүзүп жатышса, буга сөз эркиндигинин кандай тийешеси бар? Алардын мыйзам чегинде жоопкерчиликтери каралса эле сөз эркиндигин чектегендик болуп калабы?
Андыктан «кокуй, сөз эркиндиги өлгөнү жатат, сөз эркиндиги коркунучта» деп айгай салгандар, «добулбас» каккандар биринчи кезекте мыйзамдуулук, жоопкерчилик дегенди эстерине алышып, антиконституциялык чакырык, иш-аракеттерге мыйзам чегинде жоопкерчилик караларын унутушпаса. Сөз, ой эркиндиги каалаганын айтып, жаза берүүгө укук бербей тургандыктарын жадыбалдарына бекем түйүп коюшса!