Баткен шаарында оюн-зоок жана майрамдык иш-чараларга бир жылга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди. 

Чектөө Баткен шаарында облустук, райондук жана шаардык деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүгө карата киргизилди.

Мындай чечим быйыл сентябрь айындагы кандуу окуяга байланыштуу кабыл алынганын белгилеген мекеме "Кыргызстанга тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан шейит кеткен 63, жарадар болгон 200гө жакын жараныбыздын жана үй-жайсыз калган замандаштарыбыздын абалы, шаар тургундарынын майрамдоого көңүл чаппагандыгы эске алынды. Баткен шаардык мэриясы киргизилген чектөөлөргө ылайык, шаар тургундарына түшүндүрүү жүргүзүү менен элдик сейилдөөлөрдү уюштуруп берет" деп билдирди.

Чектөө жаңы жылдык быйылкы жана келерки "Балаты" майрамдарына, Ноорузга, 8-Мартка, Акыркы коңгуроого, Балдарды коргоо күнүнө, Улуу Жеңиш майрамына жана Эгемендик күнүнө карата иш-чараларга байланыштуу болот.