- Руслан мырза, айрым кесиптештериңиз жаңыжылда өкмөт отставкага кетиши керек деген ойду кыйыта баштады. Өкмөт ишин илгерилете албай жатабы?
- Азырынча отставкага кетсин деп бир ооздон айтууга эрте. Жылдын жыйынтыгын күтүшүбүз керек. Берген убадаларынын канчасын аткарып, канчасын аткарбаганын эске алышыбыз керек. Эгер жылдын этегинде министрлер кабинетинин башчы берген убадаларын аткара албай, айткан план толтура албаса кеткени туура болот. Негизи азыркы өкмөттүн эки министри коррупцияга шектелип жумуштан кетти. Ошондой эле эки министр иштин жыйынтыгын көрсөтө албай кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Акылбек Үсөнбекович Министрлер кабинетинин төрагасы болгондон кийин министрлерине да жоопту. Тагыраагы, кызматка татыктуусун, тазасын, иштин көзүн таап кете ала турганын дайындашы керек. Министрлик кызмат ар кимди алып келип, иштесе иштеди, иштебесе кызматтан кетиребиз деп эксперимент кыла турган жер эмес. Министрлик кызмат мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо турган, түйшүктүү маселелерди чече турган жер. Ошон үчүн кадр тандоодо жаңылбашыбыз керек.