Печать
Категория: Коом
Просмотров: 156

Биринчи Элдик Курултайга Бакай-Ата районунан келген делегат Ызабеков Медеркул курултайдын маани-маңызы тууралуу пикирин билдирди. 

- Курултай боюнча кандай ойдосуз? Бул бизге керектүү иш чарабы? 

- Албетте, курултайды эл көптөн күткөн. Өзүңүздөр билесиздер, Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл албай коюп, президент өзүнүн Жарлыгы, чечкиндүүлүгү менен аны ишке ашырды. Эң негизгиси айылдагы дыйкандар маселебизди президентке түз жеткирдик. Буга чейин арыз-арманыбыз бюрократиянын айынан ар столдун бурчунда калып кеткен. Кимдин таанышы чоң кызматта иштесе ошолордун арызы каралып келген. Бул жагынан курултай максатына жетти деп ойлойм. Чындаса, мындай иш чара 30 жылда болгон эмес. 

- Курултайда айтылган маселелер чечилет деп ишенесизби? 

- Айылдардан келген делегаттар өздөрүнө тийиштүү көйгөйлөрүн айтышты. Эми алар боюнча комиссия иштеп чыгып, караса чечилет деп ойлойм. Башкысы, президентке жетти. "Күн көзүн көргөн тоңбойт, хан көзүн көргөн өлбөйт" деген сөз бар эмеспи. Мисалы, биздин айылда 2015-жылдан бери мектеп курулбай турат. Тендер өткөрүлгөн, 2 миллион сом каражат бөлүнгөн. Мен ошону айттым. Балким бул иш президентке жеткен эмес. Эми жетти, чечилет деген үмүттөмүн.