Печать
Категория: Коом
Просмотров: 251

Ошентип, Биринчи Улуттук Курултай да өттү. Буга чейинки скептикалык маанайдагы айтылып, жазылган пикирлерди жокко чыгарды десек болот. «Дүжүрлөр чогулган жыйын болот. Бийликтин дарегине сындар айтылбайт, мактап, жактап таркап кетишет» дегендей сөздөр аныгында «суу кечпей» калды. Президент Садыр Жапаров сөз, ой эркиндигин жактай турганын, ачык-айкын диалогго, конструктивдүү сындарга каршы эместигин бул ирет да далилдеп, Курултайдын жүрүшүнө, делегаттардын ойлогон ойлорун, каалаган сөздөрүн айтууга мүмкүндүк берди. Курултайдын регламентине ылайык, убакыттык жактан чектөөлөр гана болбосо, делегаттардын  сөздөрүнө эч кандай  чектөө, тыюу салуулар болгон жок. Буга чейинки Курултайлардан ушул жагы менен кескин айырмаланды. Себеби, Курултайдын жүрүшүндө эмне деген сөздөр, сындар айтылган жок. Жадакалса Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин дарегине да ачык сындар айтылып жатты. Бул өңүттөн алганда, Курултай өз максатына жетти дегенге толук негиз бар. 

Курултайда бүгүнкү бийликтин жаалдуу оппозиционери экс-депутат Жылдыз Жолдошеванын делегат болуп шайланганы, ага сөз берилип, президентке карата ачуу сындарды айтканы эле эмнени билдирет? Делегаттарды шайлоодо позиция же  оппозиция, дүжүр же дүжүр эмес дегендей ылгоо, тандоо болбогонун билдирет. Болбосо, Жылдыз айым үчүн Курултайдын эшиги жабык болмок. 

Өлкөнүн бардык аймагынан делегаттарды чогулткан Улуттук жыйында баары айтылды. Жалпы мамлекеттеги көйгөйлөр менен бирге аймактардагы кемчиликтер, коррупциялык көрүнүштөр, жергиликтүү чиновниктердин чабал иштери, аймактардагы элдин жашоо деңгээли, мамлекеттеги башкаруу системасы, өлкөнү башкаруудагы кемчиликтер, катачылыктар, жетишкендиктер менен бирге терс иштер,   улуттук идеология, улуттук баалуулуктар,  элибиздин бүгүнү менен эртеңи, кыргыз тилинин абалы, келечеги, экономикалык алган багытыбыз, айтор, баары айтылды. Ар бир делегаттын сөздөрүн кунт коюп уккан президент Садыр Жапаров бир катар көтөрүлгөн маселелер боюнча өзүнүн позициясын, пикирин Курултайдын жүрүшүндө билдирип, жасала турган иштер, кабыл алынчу чечимдер боюнча да  ачык айтты. 

Курултай өлкөнүн башкы телеканалынан түз эфир аркылуу көрсөтүлүп, бул ар бир кыргызга үйүндө олтуруп жалпы улуттук жыйынга катышууга мүмкүндүк берди. Бул чыны менен эң жакшы көрүнүш. Аймактардын жашоочулары Курултайда көтөрүлгөн маселелер, козголгон көйгөйлөрдү билүү менен бирге өздөрү шайлап жөнөтүшкөн делегаттардын кандай сүйлөгөндөрүн да көрө алышты. Бул жагынан алганда, Биринчи Улуттук Курултай ата-бабаларыбыздан калган  «кеңешип кескен бармак оорубайт» дегендей, ийри отуруп, түз кеңешүүгө, жети өлчөп бир кесүүгө мүмкүндүк берди. 

Биз буга чейин Курултайдын зыяны болбостугун, пайдалуу гана болорун, андан табарыбыз, аларыбыз көп болорун жазган элек. Курултайды сындап, андан саясат жасап жаткандардын божомол-жоромолдору «суу кечпестигин» белгилеп, иш-чарада бардык маселелер айтылып, сындагандар да, мактап, жактагандар да болорун айтканбыз. Ошондой эле болду. Ким эмне дебесин, кандай сын айтпасын, Курултайдын маани-мазмунун жокко чыгаргылары келбесин, бирок Биринчи Улуттук Курултай максатына жетти. Эми анда белгиленгендер боюнча чечимдери кабыл алып, ишке ашыруу гана керек. Ал убакыттын гана иши.