Бишкекте 25-26-ноябрда өткөн биринчи Элдик курултайда делегаттардын бири коррупцияны дуба менен токтотууну сунуштады. Анын айтымында, өзүнүн айылында дагы мал уурулук токтобой койгондо, айыл аксакалдары мечитке чогулушуп, дуба кылышкан. Ошондон кийин мал уурулук токтогон.
"Мамлекеттеги коррупцияны да дуба менен токтотсок кандай болот?" - деди ал мамлекет башчыга кайрылып.
Садыр Жапаров коррупцияда дуба жардам бере албай турганын белгиледи.
"Коррупцияны дуба менен токтотуш өтө кыйын экен. Акчага келгенде пендечилик өтө жаман экен. Эмне кыласың, каргантасыңбы, карап турсаң да жула качкандар болот экен. Пара алып атышат, бүгүнкү күнгө чейин токтото албай атасың. Кармалгандарын камап атабыз, он эсе кылып төктүрүп жатабыз, башкаларга сабак болсун деп. Бирок сабак болбой койду. Булардын үстүнөн катуу иштеп жатабыз", - деди Садыр Жапаров.