Печать
Категория: Коом
Просмотров: 124

"Бюджеттин чыгашалары экономиканын өнүгүү өңүтүнө жумшалуусу керек. Приоритетти тандоодо жыртык-тешиктерди жамап отура бергенге болбойт. Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуунун жолун табуу зарыл", - деди депутат  Султанбай Айжигитов "Парламент" радиосуна берген маегинде.

Айтымында, мамлекеттик бюджеттин булактары такталып, өнүгүүгө багытталып жатканда акча-насыя саясатын алып барган Улуттук банктын дагы позициясы экономиканын өнүгүүсүн колдоп-таяп турушу керек.

"Айлык акылар жогорулаганы менен, анын басымдуу бөлүгү рынокко кетип, импортко болгон суроо-талапты жогоруталып жатат. Демек, инфиляция жогорулап отурат. Андыктан, өндүрүштү жолго коюу менен бюджетти толтурууда импортко эмес, экспортко маани берилиши зарыл", - деди эл өкүлү.