Бүгүн Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Президент Садыр Жапаров алтын маселесине байланыштуу дооматтарга жооп берди.
"Кумтөрдөн алтын уурдалды деп айтып жатышат. Кумтөрдү алуунун өзү оңой болгону жок. Мен бул маселени депутат кезимде көтөргөм. Канча тоскоолдук болду, аны карабай танк катары кете бердим. Кыргыздын алтыны кыргыздын керегине жарасын деген ниет кармандым. Президент болгондон кийин дагы күнү-түнү аракет кылып, жоопкерчиликти өзүм алам деп протоколдорду түзүп, дөңгөлөктөй тегеренип жатып араң алдык. Башканы эмес, өзүбүздө иштеп жаткандарды буга араң көндүрдү. Эми 40 тоннага жакын алтынды бир жылда алдык. Бул процесстерди билбей, отуруп алып алтын уурдалды деген депутаттарды башчы кылып, депутаттык комиссия түзгүлө дегем. Бирок ошол депутаттардын бири дагы алтын кенге басып барбаптыр", - деди Садыр Жапаров.