Бүгүн Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Президент Садыр Жапаров кадр маселесине токтолду. 

Ал кадр маселесинде түндүк-түштүк деген түшүнүк болбошу керектигин белгиледи. 

"Ким жакшы иштесе, ошону иштетем. Анын түндүктөн же түштүктөн экени роль ойнобойт. Мурдагыдай жетекчи кызматтагылардын 50 пайызы түндүктөн болсо, 50 пайызы түштүктөн болуш керек деген саясат жүргүзүлбөйт", - деди мамлекет башчы. 

Ошондой эле, Садыр Жапаров инвестиция маселесинде "чакырганга келбеген ымдаганга зар болот" болуп жатканын айтты. 

"Ат-Башыга логистикалык лаборатория куралы дегенибизде каршы чыктыңыздар. Эми ал инвесторлор келбей койду. "Эл макул болду", - десек деле акчаны башка жакка салып койгонун айтышты. "Элиңер иштетпей койсо, банкрот болобуз", - дешти. Азыр "чакырганга келбеген ымдаганга зар болот" болуп отурабыз", - деди.