Бүгүн Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Президент Садыр Жапаров үч жылда социалдык объектилерди жаңылоо маселеси чечиле турганын билдирди.
"Кайсы аймакка канча мектеп, канча бала бакча курулушу керектигин билебиз. Мен бийликке келген кезде айылдардагы 247 мектеп жараксыз абалда болчу, азыр алардын саны 200гө чейин кыскарды. Калгандары жаңыланды, кайрадан курулду же оңдоо иштеринен өттү. Бардык айылдарга бир жылда жаңы социалдык имараттарды куруп койгубуз келет. Бирок бюджет жетишпейт. Ошондуктан, алдыдагы эки-үч жылда мектептерге байланышкан маселени толук чечебиз. Бир дагы айылда эски имараттар болбойт. Мектептер менен катар бала бакчалар, Маданият үйлөрүнө таандык маселелер да көңүл чордонунда", - деди мамлекет башчы.