Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1470

Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнөн келген делегат айткан маселелери тез арада чечилбесе "кетпей турганын" билдирди. 

"Чаткал тоолуу район, шарты татаал. Акыркы жылдары районубуз экологиялык катастрофанын алдында турат, анткени, кен иштеткен фирмалар абдан көп. Жүздөгөн лицензиялар берилип кеткен, аларды кайтаруу керек. Чаткалдын казылбаган жери калбады. Суусу булганды. Каршылык билдирип чыгалы десек, фирма өкүлдөрү басып коет. Эмне кылышты билбей калдык. Мейли, ошол фирмалар аркылуу мамлекетибиздин бюджетине олуттуу каражат түшсө дагы көз жумса болот эле. Бирок фирмалар салык төлөгөнү эле болбосо, мамлекетке үлүш төлөшпөйт. Алар өз чөнтөгү үчүн иштешет, а биздин жаратылыш жабыркап жатат. Муну кандай кылабыз? Ошол эле "Чоң - Чаарат", "Кичи - Чаарат" дегендерди мамлекетке үлүш төлөй тургандай кылса болбойбу?

Дагы бир маселе, Терек-Сай, Кызыл -Токой бүт баары лицензиялык аянтка берилип кеткен. Мисалы, менин короо-жайым дагы берилген.

Чаткалдын кышы татаал болгондуктан элдин саны аябай аз. Жогорку Кеңешке маселелерибизди жөнөтөбүз, бирок эч жетпейт. Ушул убакка чейин Ала-Бука менен биригип, Жогорку Кеңешке депутат шайлайбыз, бир адам 2005-жылдан бери шайланып келатат. Бирок ал киши Чаткалга бир басып барган эмес, бир да жолу Чаткалдын көйгөйүн көтөргөн эмес", - деди делегат.