Печать
Категория: Коом
Просмотров: 339

Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүүдө. Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесине жакын жайгашкан Баткен районунун Көк-Таш айылынан келген делегат облустун тургундарына биринчи кезекте тынчтык керектигин белгиледи. Ошондой эле, жергиликтүү тургундарга курал кармоого уруксат берүүнү суранды. 

"Бизге мектептин да, бала бакчанын да, үйдүн да кереги жок. Бизге тынчтык керек! Бала-чакабыздын тынчтыгын гана ойлоп калганбыз.  Согуш болгондо бүт баары бир заматта күйүп кетип, бир кийимчен калган учурларыбыз да болду. Президент Садыр Жапаров чек ара маселесин биринчи орунга койгон, бирок азыр иш начар кетип атат. Бул цифраны айтпай эле коеюн, үйлөрүн таштап башка жакка көчүп кеткендер болуп жатат. Бирок андайлар аз, басымдуу баткендиктер өз жерин таштап эч кайда кетпейбиз!

Садыр Нургожоевич, бул сиздин колуңуздан келет бизге курал колдонууга уруксат бериңиздер. Мен ала албай жүрөм, үйүмдү коргошум керек. Куралыбыз болсо, бир да тажиктин киргизбейбиз. Мурдагы тополоңдо мергенчилер жоокерлерге жардам берип, сактап калды. Көк-Таш айылына кире алышпады, эки-үч үйдү гана алыстан аткылап жатып араң өрттөштү. Мергенчилер жардам бербегенде, жоокерлер кыйналып калмак. Чек арада жайгашкан жердегилерге курал берүүнү тездеткиле.

Чек араны чечүүнү тездетип, аймагыбызды зым тосмо менен тосуп алсак, тажик эмес, мышык да өтө албайт. 9- 10 жылдан бери мал уруулук токтобойт. Изине түшсөк, Тажикстанга барып такалат, милициялар барып ошол жерден токтоп калат", - деди. 

Ал эки жылдан бери баткендиктерге жардам колун сунган жалпы элге ыраазычылыгын билдирди.