Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүүдө. Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов кыргыз-тажик чек арасындагы маселеге токтолду.
"Баткендин маселеси бүтүндөй өлкө үчүн олуттуу маселе болуп саналат. Баткенге атылган ок - Кыргызстанга атылган ок. Баткенде Тажикстандын аскерлеринин ок атуусунан жарадар болгон тургундар - кыргыздар. Бир кыргыздын жарадар болгону жалпы кыргыздын жарадар болгонуна тете", - деди Шеримкулов.
Ал ошондой эле, чек ара маселесинин такталышын күтпөй, Баткен аймагында талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.
"Баткендиктер силер баатырсыңар. Биз силерге суктанабыз. Президенттин айткан сөзү ишке ашып, Баткендеги талкаланган үйлөр курулсун. Келишим түзүлгөндөн кийин оңдойбуз деген болбойт. Үйлөр курулса, эл өзү коргоп алат", - деди ал.