Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Сузак районунун Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнөн келген делегат Шабданбек Эрматов Кемпир-Абадга байланышкан чуу боюнча өз пикирин айтты. 

"Кемпир-Абад суу сактагычын курган кишимин. Суу сактагычты кээ бири 70-жылдары, айрымдары 75-жылдары курулган деп ар түрдүү маалымат таратып жатышпайбы. Ал 1983-жылы курулуп бүткөн. Чынында суу сактагыч боюнча билгени, билбегени деле маалыматтарды чыгарышты. Мен суу сактагычты курган, анын ушул убакка чейин абалын билген адам катары айтам, туура эле бердик. Анткени, илгертен эле суу сактагычка куюлган сууларга Кыргызстан ээлик кыла алган эмес. Мурда ошондой келишим бекемделип калганбы, суу Кыргызстандыкы болсо деле, башында биздики, а суу сактагычка киргенден кийин коңшу өлкөнүкү болуп келген.

Суу алдындагы жерди берип, ордуна ашыкча жер алдык. Биз уттук деп ойлойм", - деди ал. 

Ошондой эле, делегаттардын шайлануусуна бийлик тараптан эч кандай кийлигишүү болбогонун белгиледи. 

"Бийлик уюштуруу жагын гана колго алышты. А делегаттарды эл өзү көрсөтүп, шайлап жөнөтүштү", - деди.