Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Нарын облусунан делегат болуп келген Роза Жумаева эне менен баланын маселелерин көтөрүүгө ниеттенип жатканын билдирди.
"40 жылдан бери социалдык тармактарда катардагы кызматкерден жетекчилик кызматка чейин иштедим. Ошондуктан, мага эне менен балага байланыштуу маселелер жакшы тааныш. Бул маселеде аймактык чек жок, Кыргызстандын 7 дубанындагы аялдардын көйгөйү окшош. Аялдардын коомдогу активдүүлүгүн күчөтүп, укугун коргоо маселелерин колго алсак туура болот эле", - деди ад.
Ошондой эле, бийликтин учурда аткарып жаткан жакшы иштерин энелер колдоого алып турса, мамлекетте өнүгүү болот деп эсептейт. Андан сырткары, курултайдын өтүп жатканын жакшы жышаана катары белгиледи.
"Энелер ынтымактуу болуп, бийликтин жакшы иштерине туура баа берип турушубуз керек. Азыр оппозицияны көрүп жатабыз, чыныгы, дымактуу, пикир-сунушу бар болсо, аны баалайт элек. Куру кыйкырык менен чыга бергендери болбойт. Ар ким жуурканды өзүнө тарта берсе, өлкөдө эмне калат. Куру кыйкырык менен оппозиция болом деген жаңылыштык", - деди ал.