Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Делегат айым Кыргызстандагы маселелер курултай аркылуу чечилүүчү убакыт келип жетти деп эсептейт.
"Учурда мамлекетибизде карапайым калктын жашоосуна тийиштүү абдан көп маселелер жаралып жатат. Ошол жагдайларды туура нукка буруш керек. Ошол эле саясатта, кадрдык маселелерде, бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлык акысында көптөгөн талаштуу жагдайлар бар. Булардын баарын курултай аркылуу чечүүгө убакыт келип жетти. Анткени, биздин маселени чечет деген Жогорку Кеңештин депутаттарына ишеним кетти. Шайлагандагы ишенимибиз акталган жок. Алардын кабыл алган мыйзамдары иштебей турган мыйзамдар. Мыйзам кабыл алаарда анын иштеп кетишине да көз жеткидей болушу керек. Андан сырткары, Кыргызстандын дүйнөлүк аренада өз ордун табуусуна да баш катырчу убакыт келди. Дагы бир бизди бушайман кылган башкы маселе - кыргыздын улут катары тамырын жоготуп бараткандыгы. Кыргыз өз жеринде, өз мамлекетинде кантип улут катары сакталып калса болот? Мына, ушул маселенин тегерегинде ой калчап, концепция иштеп чыгып, аны ишке ашыруу зарыл деп ойлойм", - деди ал.