Бишкек ШИИБинин мурдагы маалымат катчысы Улан Жумаков соцтармактагы баракчасына журналист Болот Темиров тууралуу билгенин жазды.
"Бизде айрымдар сөз эркиндигин абдан жакшы көрүшөт экен, анда сураныч мага айтып койгулачы, эмнеге бул Россиянын жараны Россиядагы сөз эркиндиги үчүн акцияга чыкпайт?
Ал бир дагы жолу өзүнүн мамлекеттештери, россиялыктардын таламын талашкан жок, мисалы, ал жакта Украинадагы атайын операцияга каршы чыккандарды пачкалап камап жатышат. Бул сөз эркиндигинин колдоочусу балдардын, аялдардын укугун коргоп чыкпайт, дээрлик күн сайын адамдарды уурдоо жана зордуктоо боюнча резонанс жараткан маалыматтар тароодо, а мобилизацияга кабылгандарчы? Ошондой эле ЛГБТнын укугу боюнча деле унчукпайт го?
"Россия ойгон! Убакыт келди" деген плакаты кайда?
Мына, ошондуктан мен кош пикирлүү адамдарды жактырбайм, ал Россияда мектепти, университетти бүткөн, аттестатты, дипломду ошол жактан алды, башкача айтканда Россияга ага билим берди, а ал болсо Россиянын жарандарынын укуктарына баш оорутпайт дагы, Кыргызстандын жарандарынын укуктары үчүн күрөшөбү?
Жо-ок, мындай болбойт, же сен чындап эле адам укугу үчүн күрөшөсүң же биздин жарандардын башын тегеретпе, азыр айрымдар ал үчүн митингге жана жөө жүрүшкө да даяр болуп алышкан", - деп жазды Улан Жумаков.