Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева ага карата кысым болуп жатканын билдирген болчу. Ал өз сөзүнө депутат Шаирбек Ташиевдин дагы атын кошо кеткен. 

"Туулган күнүмдө айрым депутаттар куттуктап калышты. Арасында Шаирбек Ташиев дагы бар. Мага УКМК кызматкерлери тарабынан кысым болуп жатканын айтсам Шаирбек Ташиев: "Сен Кемпир-Абадга каршы добуш бербедиңби, өзүңдөн көр", - деп айтты", - деген сыяктуу билдирген. 

Депутат Шаирбек Ташиев Сурабалдиеванын айтканын калпка чыгарды. 

"Бир депутат Элвира Жыргалбековнаны куттуктап чыгалы дегенинен кабинетине киргем. Мен барганда башкалар бар экен. Туулган күнү менен куттуктап эле чыгып кеткем. Анткени, башка жумуштарым бар болчу. Мен ага эч кандай сөз айткан эмесмин", - деди Шаирбек Ташиев.