Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Анда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек ара маселесине токтолду.
"Дүйнөдө 500дөн ашуун улуттун өзүнүн мамлекети жок. А биз, Кыргызстан 193 мамлекеттин катарындабыз. Өзүбүздүн өлкөбүз, желегибиз бар. Мындай бакытка тартуулаган тагдырыбызга ыраазы болуп, мекендин ар бир ташын кымбат көрүшүбүз керек. Биз оңой өлкө эмеспиз. 3 миң жылдан ашуун тарыхы бар титулдук улутпуз", - деди Акылбек Жапаров.
Ошондой эле, ал чек ара маселесин чыңалтып, ал аркылуу жеке кызыкчылыктарын чечүүгө аракеттенген топ тууралуу белгиледи.
"30 жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесин чечүү татаал. Бирок ага карабай ага чекит коюп, келечек муундарыбыз кыйналбагандай шарт түзүүгө белсенип кириштик. Чек араны ой чуңкурду көрбөгөн ажаан аялдар менен эркектер чечпейт. Аны дипломатиялык, сүйлөшүүлөр жолу менен адистер чечет. Мамлекеттин бүтүндүгү баарынан жогору турат! Баткен чек аранын кесилишкен жери эмес, ал - мамлекеттин жүрөгү! Оппозиция чек араны бетине кармап элдин түшүнүгүн туура эмес нукка бурууга ниеттенди. Батышта дагы бир жаран коомчулукка туура эмес маалыматты жеткирүүнүн аракетин көрүп жатат. Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды сактап келген, дагы да сактайт. Бирок чыккынчыларга карата күрөш жүрө берет", - деди Акылбек Жапаров.
Ал ошондой эле, салык маселесине дагы токтолду.
"Салык сөзсүз төлөнүшү керек. Анын мамлекет үчүн маани-маңызын ар бир адам туура түшүнүүгө тийиш. Салык төлөбөгөндөр уктабайт, уктатпайбыз", - деп кошумчалады.