Печать
Категория: Коом
Просмотров: 390

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Анда Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев курултайдын макамы мыйзам жагынан бекемделээрин билдирди. 

"Курултайдын макамы, мааниси өтө жогору. Анын макамын парламент жакын арада Конституциянын негизинде карайбыз", - деди Шакиев. 

Ошондой эле, ал Жогорку Кеңештин аткарган жана аткара турган иштерин тизмеледи. 

"Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди колдоп бердик. Анткени, ал мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн келишим. Биз үчүн биринчи орунда мамлекет жана анын кызыкчылыгы турушу зарыл. Бул боюнча туура чечим кабыл алдык.

Жакын арада билим берүү жаатында реформа жүргүзүү зарыд. Бул тармакка олуттуу карабасак болбойт. Билим берүү жаатынын кызматкерлеринин айлык акысын жогоруталуу билимдин сапатына оң таасирин тийгизет. Ошондой эле, сот тармагы дагы реформага муктаж. Соттор мыйзамдын негизинде акыйкаттуулукту туу тутуп иштешсе, эл акыйкаттык издеп Ак үйгө чуркабай калат. Мыйзам жазуу боюнча дагы сандан сапатка өтүүгө мезгил келип жетти. Мыйзамдар элге, мамлекетке иштей тургандай болушу керек. Биздин алдыга койгон максатыбыз ушул - мыйзамдардын санынан сапатын жогору кылабыз", - деди Шакиев. 

Ошондой эле, спикер улуттук идеология мекенге болгон сүйүү болушу керектигин белгиледи. 

"Мен мамлекетке эмне кылым бердим?" - деген суроону ар бир жаран өзүнө бериши керек дагы, аны жашоо ураанындай кабыл алышы шарт. Ушул сезимди ар бир жарандын түшүнүгүнө сиңирүүгө аракеттенинибиз керек. Жарандардын баары мекенин бирдей сүйгөндө гана мамлекетибизди алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошо алабыз", - деди спикер. 

Аны менен катар эне тилдин абалына кейиди. Айтымында, кыргыз тил боюнча мыйзам кабыл алынганы менен мамлекеттин тилдин кадыр-баркы көтөрүлүп кеткен жок. 

"Кыргыз башка тилди билбесе уят эмес, өз эне тилин билбегени уят. Биз өсүп келаткан муунга кыргыз тилди билүүнүн муктаждыктарын жаратышыбыз керек. Өлкөдөгү бардык айыл, шаар, район, көчөлөрдү кыргызча атап, кыргыз тилин биринчи орунга койсок, жаштар тил билүүгө кызыкдар болушат", - деп кошумчалады Нурланбек Шакиев.