Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Анда президент Садыр Жапаров Кыргызстанга Кытайдан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча адистер келгенин билдирди. 

"Кытайлык адистер Нарын жана Жалал-Абад облустарында изилдөө иштерин жүргүзүшөт.

Биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге жетиштик. Бул темир жолдун зарылчылдыгы тууралуу Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери айтылып келген, бирок айрым саясий кызыкчылыктардын кагылышынан улам ишке ашырылган эмес. Темир жол курулса, деңизге чыгууга жана инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк алабыз", - деди Садыр Жапаров.