Печать
Категория: Коом
Просмотров: 821

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп мамлекеттик чек араларга таандык маселе тууралуу айтты. 

Ал белгилегендей, өлкө бийлиги бардык күчүн кыргыз-тажик чек арасындагы маселени ыкчам чечүүгө багыттап жатат. 

"Кыргызстан үч коңшу өлкө менен чек ара маселесин чечти. Эми бир гана Тажикстан менен чечүү калды. Биздин башкы максат - бардык кыйынчылыктарга карабай чек араны чечүү болуп саналат. Биз жерибиздин бүтүндүгүн сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.

Өзбекстан менен чек арадагы айрым аймактарды делимитация тууралуу келишим боюнча кеңири түшүндүрүү иштери болду. Кемпир-Абад боюнча баарын түшүндүрдү. Чек ара эки жол менен чечилет, сүйлөшүп аймактарды алмаштыруу же согуш аркылуу аймакты басып алуу менен. Кыргызстан демократиялык жана укуктук өлкө катары тынчтык жолу менен чечүүгө басым жасайт. Мындан ары да ушул позициядан жылбайбыз. Кемпир-Абад маселесин чыңалтып, коомчулукка дүрбөлөң салууга аракеттенгендер максатына жетишкен жок", - деди Жапаров.