Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан биринчи Элдик курултайга президент Садыр Жапаров катышты. Ал делегаттарга элдик жыйындын мааниси тууралуу айтып берди. 

"Биздин ата-бабалар курултайдын жардамы аркылуу эл менен бийликти бириктирген. Аны менен чыныгы элдик бийлик орногон. Бул Элдик курултай дагы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өзүнүн салымын кошооруна ишенем. Элибиздин жашоосу жакшырып, коомчулуктун башы биригет деп үмүт кылам. Элдик курултай Кыргызстан жетекчилигине жаңы идеяларды сунуштайт.

Республикалык бюджеттин чыгашасы менен кирешесин айтып жатып, миллиондогон кургак цифралардын артында адамдын жана өлкө тагдыры тураарын белгилегим келет. Бюджеттин негизинде биз 193 социалдык объектти курдук. Миллиарддаган каражаттар пенсияны, айлык акы жана армияны камсыздоого жумшалды", - деди мамлекет башчы.