Печать
Категория: Коом
Просмотров: 273

Бүгүн, 25-ноябрда Курултай өтүүдө. Ага өлкөнүн ар кайсы тарабынан келген делегаттар катышып жатат. 

Делегаттар Курултайдын убактылуу төрагалыгына Кемел Ашыралиевди шайлашты. Ал уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирип, элдик курултайда аксакалдар кеңешин жана эсептөө комиссиясынын курамын шайлоону сунуштады.

Эсептөө комиссиясына ар бир облустан бирден талапкер көрсөтүлдү. Жыйынтыгында, Талас облустан келген делегат Айдар Момунбаев бир добуштан эсептөө комиссиясынын төрагасы болду. 

Ал эми аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп Кадыр Кошалиев шайланды. 

Андан соң Ашыралиев төрагалыкты Кадыр Кошалиевге тапшырып, батасын берип, аксакалдык каадасын жасады.

"Кыргызстанга биримдик, ынтымак алып келген акжолтой курултай болсун", - деп бата берди.

Курултайга 1072 делегат катышууда.