Бүгүн, 25-ноябрда Курултай болууда. Ага өлкөнүн чар тарабынан келген делегаттар катышып жатат. Алардын бири, Баткен облусунан келген Маматкул Эшбаев көтөрө турган маселелери тууралуу буларды айтып берди:
- Мен айылыбыздагы мектепте мугалим болуп иштейм. Мектебибиз авариялык акыбалда. Ушул маселени көтөрүүнү белсенип турам. Негизги тема - билим, жаштар маселеси. Анткени, учурда көптөгөн жаштарыбыз сыртта мигрант болуп жүрүшөт. Айрым саясатчылар аларды мекенине кайтаруу, жумуш оруну менен камсыздоо зарылдыгын айтып жатышат. Бирок бир эле мисал келтирейин, Кадамжайдагы сурма заводунда союз маалында 3 миңдей киши иштеген. Чет өлкөдөгү жаштарды кайтарабыз десек, анда ошондой ишканадан 500дү куруш керек болот. Андан көрө жаштардын билимин бекемдеп, сапаттуу билим берип, эл аралык эмгек биржасына татыктуу кошуу керек. Азыр чет жакта иштептжүргөн балдарыбыз айылдын облигин өзгөртүп салышты, ошол жактын цивизилациясын үйрөнүп, айылга алып келип. Бул жакшы нерсе. Дагы бир айтайын дегеним - өлкө боюнча эксперименталдуу мектептерди куруу керек. Жыл өткөн сайын кадрдык вакуум пайда болууда, анын ордун толтурууну азыртадан ойлонуу зарыл.