- Курултайга делегаттар кандай тандалып жатат, талапка жооп береби? Мурдагыдай эле дүжүрлөрдүн Курултайы болуп калбайбы?

- Кыргыздар эзелтен маанилүү маселелерди Курултай чакырып чечип келген. Эгемендик алган жылдардан кийин дагы Курултайлар болуп, бирок элдин купулуна толгон эмес. Себеби, бийлик каалаган адамдарын, тактап айтканда “дежурныйларды” чогултуп алып өткөрүшкөнү сынга кабылып келген. Бул жолу өтө турган Курултайдын айырмасы - делегаттарды бийлик дайындабайт. Биринчи, делегат өзүнүн көчөсүнөн тандалышы керек. Андан соң айылынын эли колдоп берүүсү шарт. Өзүнүн көчөсүнө, айылына кадыры жок адам делегат болуп шайлана албайт. Бул элдин катмарынан калыс тандалып келип, элдин аманатын Курултайда айта ала турган адамдын тандалуусуна жакшы шарт түзүлгөнүн белиглейм. Делегаттар эркин, каалаган талабын билдирген, ачуу сындарды дагы айткандар болот деп күтүп жатам. Бул жолу кыргыз ийри отуруп алып, түз кеңеше турганга толук шарт түзүлдү.

- Курултайда айтылган сунуштар, демилгелер ишке ашат деп ишенесизби?

- Албетте, элдин арасынан тандалып чыккан делегатка ошол аймактын көйгөйүн бийликке жеткирүү аманаты мойнуна жүктөлөт. Курултайда айтылган сунуштар, дооматтар, демилгелер аткаруу бийлигине сунушталат. Алар мыйзамдуулугуна жана мүмкүнчүлүгүнө жараша аткарууга алынат. Унутта калып кеткен, тээ алыскы Чаткал, Алайкуу, Ат-Башы сыяктуу аймактардан дагы делегаттар келип, бийликке талаптарын айта алат.

- Жаңы жылдан кийин Өкмөт отсавкага кетет деген сөздөр айтылып жатат, сиздин пикириңиз кандай?

- Аргументи жок, жөн эле талаптар эл арасында, оппозиция тарабынан айтылып келген жана айтыла берет. Эмнеге кет дегенин түшүнбөгөндөр деле бар. Ошолор анализ кылып көрдүбү, маселе ошондо. Бул бийликтин келгение 2 жыл болду. Мамлекеттин бюджети 2020-жылы 250 миллард сом болсо, азыр 400 миллиардга жетти. 2023-жылы 508 миллиард сомго чыгарабыз деп айтып жатышат. Өлкө аймагында 70ке чукул билим берүү мекемелерине жаңы имараттар курулуптур. Бишкек шаарында эле 15 мектеп, 1 бала бакча заманбап шарттары менен 5 айдын ичинде бүткөрүлдү. Аскердик, айылчарба жана ӨКМге жаңы техникалар алынып жатат. Айлык маяналар, социалдык жөлөк пулдар, пенсия көтөрүлүп жатат. Экономикалык жана социалдык саясат жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Өкмөт отсавкага кетүүгө негиз жок деп эсептейм.